super.kg logo

Чүйдө мас абалында унаа башкарган жаран милиция кызматкерине кол көтөрүп кармалды

 
Чүйдө мас абалында унаа башкарып, укук коргоо кызматкерлерине кол көтөргөн жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
7-январда Сокулук районунда "Руль" аталышындагы рейд өтүп, BMW X5 үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Айдоочудан алкоголдук ичимдиктин жыты сезилгендигине байланыштуу наркология бөлүмүнө жеткирилди. Жолдо бара жатып айдоочу унаадан секирип түшүүгө аракет кылып, ишке ашпай калды. Мындан тышкары, ал милиция кызматкерине карата физикалык күч колдонгон. Натыйжада милиция кызматкери денесинен жаракат алып, кийимдери жыртылган.
Наркологияда И.А. аттуу айдоочу мас экени аныкталды. Милиция кызматкерине соттук-медициналык экспертиза дайындалып, алдын ала диагноз катары жабык баш мээ жаракаты жана баш мээнин чайкалышы аныкталды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголду. 1993-жылы туулган И.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, кармалган айдоочуга жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн эки жолу кылмыш иши козголуп, сот иштери да жүргүзүлгөн.
Тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: