super.kg logo

АКШнын БУУ түзүмдөрүнөн чыгышы: Эл аралык системге тийгизген таасири

 

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш АКШнын Бириккен Улуттар Уюмунун бир катар түзүмдөрүнөн чыгуу чечимине байланыштуу өкүнүчүн билдирди. Ошол эле учурда ал БУУ системи бардык жүктөлгөн милдеттерин мындан ары да аткара берерин баса белгиледи. Бул тууралуу уюмдун Жаңылыктар кызматы маалымдады.

БУУнун бюджетине салым — милдеттүү

БУУнун басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө белгиленгендей, Башкы ассамблея тарабынан бекитилген уюмдун негизги бюджети жана тынчтыкты сактоо операцияларынын бюджети уюмга мүчө бардык мамлекеттер үчүн, анын ичинде АКШ үчүн да, БУУнун уставына ылайык, юридикалык милдет болуп эсептелет.

"БУУнун үзгүлтүксүз бюджети жана тынчтыкты сактоо операциялары үчүн салымдар бардык мүчө мамлекеттер үчүн милдеттүү",- деп айтылат билдирүүдө.

АКШнын меморандуму эмнени камтыйт?

Маалыматка ылайык, АКШнын президенти Дональд Трамп кол койгон меморандум АКШнын аткаруучу департаменттерине жана агенттиктерине Вашингтон улуттук кызыкчылыктарына каршы деп эсептеген эл аралык уюмдардан, конвенциялардан жана келишимдерден дароо чыгуу процессин баштоону тапшырган.

Бул чечим БУУнун 31 агенттигин жана түзүмүн камтыйт.

АКШ чыгып жаткан БУУ түзүмдөрүнүн айрымдары

Меморандумда көрсөтүлгөн уюмдардын катарына төмөнкүлөр кирет:

  • БУУнун Калк фонду — энелердин жана балдардын саламаттыгын коргойт, жыныстык жана гендердик зомбулукка каршы күрөшөт;
  • Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Алкактык конвенциясы — климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык кызматташтыкты координациялайт;
  • БУУнун Демократия фонду — жарандык коомдун демократиялык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду колдойт;
  • Куралдуу кагылышууларда балдарды коргоо, согушта сексуалдык зомбулукту токтотуу менен алектенген Секретариаттын бөлүмдөрү.

Мындан тышкары, БУУнун беш аймактык комиссиясынын төртөөсү да тизмеге кирген:

  • Азия-Тынч океан аймагы,
  • Батыш Азия,
  • Африка,
  • Латын Америкасы жана Кариб бассейни.

Бул комиссиялар көп тараптуу эл аралык кызматташтыктын негизги платформалары болуп саналат.

Каржылоону токтотуу каралат

Меморандумга ылайык, АКШнын бул түзүмдөрдөн чыгышы алардын ишине катышууну же каржылоону мыйзам жол берген чекте токтотууну билдирет.

БУУ: Иш токтобойт

Антониу Гутерриш АКШнын чечимине карабастан, БУУнун иши улантыларын билдирди.

"БУУнун бардык түзүмдөрү мүчө мамлекеттер тарабынан берилген мандатка ылайык ишин улантат. Биз биздин ишке таянган адамдардын алдында жооптуубуз",- деп айтылат билдирүүдө.

2026-жылдагы БУУ бюджети кыскарды

БУУнун Башкы ассамблеясы 2026-жылга карата уюмдун негизги бюджетин 3,45 миллиард доллар өлчөмүндө бекиткен. Бул мурунку жылдарга салыштырмалуу олуттуу кыскартуу болуп эсептелет:

  • каржылоо 15 пайызга азайтылган;
  • кызматкерлердин саны дээрлик 19 пайызга кыскарган.

Климат боюнча чечимге реакция

АКШнын Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциядан чыгуу чечимине байланыштуу, уюмдун аткаруучу катчысы Саймон Стил бул кадамды глобалдык климаттык кызматташтык үчүн артка чегинүү деп мүнөздөдү.

"Бул АКШ үчүн зыяндуу чечим"

Саймон Стил билдирүүсүндө мындай деди:

"Глобалдык лидерликтен, климат жана илим тармагындагы кызматташтыктан баш тартуу АКШнын экономикасына, жумуш орундарына жана калктын жашоо деңгээлине терс таасир этет. Бул АКШны азыраак коопсуз жана азыраак өнүккөн өлкөгө айланта турган чечим".

Ал токой өрттөрү, суу ташкындары, катуу бороон-чапкындар жана кургакчылык күчөп жаткан шартта мындай кадам өзгөчө кооптуу экенин белгиледи.

Эшиктер ачык бойдон калат

Ошол эле учурда Стил Климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун Алкактык конвенциясы өз ишин уланта берерин айтып, АКШ үчүн келечекте кайра кайтып келүү мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

"Эшиктер ачык бойдон калат. АКШ буга чейин да Париж келишимине кайра кошулган учурлар болгон",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: