super.kg logo

Бишкекте психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз сатууга шектелген жаран кармалды

 

Бишкекте психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, Власов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жанынан 39 жаштагы аял киши кармалган. Тинтүү учурунда анын кара түстөгү сумкасынан психотроптук, күчтүү таасир этүүчү дары-дармектин 214 таблеткасы табылган. Ал аталган дары-дармектерди "Ош базарынан" сатып алып, тааныштарына бир даанасын 500 сомдон 700 сомго чейин сатып келгенин айткан.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда бардык зарыл болгон тергөө иштери уланууда.






Бишкекте психотроптук дары-дармектерди мыйзамсыз сатууга шектелген жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: