super.kg logo

The New York Times саякат тизмесине Борбордук Азиядан жалгыз Кыргызстанды киргизди

 

The New York Times басылмасы 2026-жылы саякаттоо үчүн сунуш кылынган багыттардын катарына Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорун киргизди. Макалада өлкөнүн чыгышынан батышты карай кеткен 1243 чакырымдык жол сунушталып, аны Борбордук Азиядагы эң таасирдүү жөө жүрүү маршруттарынын бири деп бааланды.

Маршруттун негизги кооз жайлары катары Көл-Суу көлү, XIV–XV кылымдарда курулган Таш-Рабат кербен сарайы жана Саймалуу-Таш аймагы белгиленген. Анда саякат үчүн июндан сентябрга чейинки мезгилди сунушташкан. Анткени ашуулар ачылып, тоодогу көлдөр тоңо элек болот.

Журналисттердин баамында, бул маршрут жаратылыштын кооздугун, тарыхый эстеликтерди жана көчмөндөрдүн маданий мурасын бириктирген, 2026-жылы сөзсүз көрүлө турган багыттардын бири. Борбордук Азиядан аталган тизмеге Кыргызстандын Тянь-Шаны гана киргизилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: