super.kg logo

Трамп Венесуэлада шайлоо өткөрүү үчүн убакыт керек экенин айтты

 

АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэлада шайлоо өткөрүү үчүн убакыт керек экенин айтты. Бул тууралуу ал Fox News каналына берген маегинде билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Ак үйдүн башчысы ошондой эле Венесуэланы кайра калыбына келтирүү маселеси да бар экенин белгилеп, АКШнын Венесуэладагы операциясы аймакка туруктуулук алып келгенине ишенерин билдирген.

Мындан тышкары, Трамп келерки аптада АКШга келе турган Венесуэланын оппозиция лидери Мария Корина Мачадо менен жолугушарын жарыялап, аны "жакшы адам" деп атаган.

Буга чейин Трамп Мачадону колдобой койгонун The Washington Post басылмасы жазып чыккан.

Эске салсак, 3-январда АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, өлкөнүн лидери Николас Мадурону жубайы менен бирге туткундап, алып чыгып кеткен. 5-январда Венесуэланы убактылуу президент катары Делси Родригес башкарууга алды. Ал буга чейин өлкөнүн вице-президенти болуп иштеп турган.

Вашингтон Родригес менен тынымсыз байланышта экенин билдирип келет.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: