Казакстанда Айзат Жуманованын өлүмү боюнча резонанстуу иште өкүм чыкты

Казакстанда Айзат Жуманованын өлүмү боюнча резонанс жараткан кылмыш ишинде сот өкүмү чыкты. Сот маркумдун күйөөсү Айбар Жанболатты күнөөлүү деп таап, 14 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Соттун чечими
Соттун чечими менен Айбар Жанболат Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 99-беренесинин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага орто коопсуздуктагы түзөтүү мекемесинде 14 жыл жаза өтөө милдеттендирилди.
Ошондой эле сот жабырлануучунун жарандык доо арызын жарым-жартылай канааттандырып, айыпталуучудан:
- 20 миллион теңге өлчөмүндө моралдык зыяндын ордун толтурууну,
- 1 миллион 700 миң теңге өлчөмүндө өкүлчүлүк чыгымдарын өндүрүүнү чечти.
Каргашалуу окуянын чоо-жайы
Бул окуя Казакстандын Жетысу облусунун Аксу районундагы Баласаз айылында катталган. Ал жерде 32 жаштагы Айзат Жуманованын өлүмү иликтенип, кылмышка анын жолдошу Айбар Жанболат айыпталган.
Маркумдун жакындарынын айтымында, жубайлардын ортосунда чыр чыгып, андан соң эркек киши аялын эки жаштагы кызынын көзүнчө катуу сабаган.
Медициналык корутунду жана туугандардын версиясы
Медициналык экспертиза төмөнкү оор жаракаттарды аныктаган:
- жабык баш мээ жаракаты;
- мээнин шишиги жана көгөрүшү;
- баш сөөктүн түбүнүн сынуусу;
- кол-бут жана жамбаш сөөктөрүнүн көптөгөн сыныктары.
Маркумдун туугандары Айзаттын колдоруна аркан байлап, аттын ээрине байланып талаада сүйрөлгөнүн айтышат.
Ооруканага жеткирилген учур
Айзат Жуманова 2025-жылдын 22-июнунда түн ичинде Талдыкорган шаарындагы ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер аны келгенден 30 мүнөттөн кийин каза болду деп катташкан.
Бирок туугандары аял ооруканага жеткенге чейин эле көз жумганын, ошондой эле зомбулуктун издерин жашыруу максатында денени жууп, кийимин алмаштырышканын билдиришкен.
Айыпталуучунун версиясы четке кагылды
Айбар Жанболат өзүн коргоо учурунда Айзат селфи тартам деп жатып терезеден кулап кеткенин айткан. Бирок маркумдун жакындары бул версияны толугу менен четке каккан.
Иштин квалификациясы өзгөртүлгөн
Башында полиция кылмыш ишин Кылмыш-жаза кодексинин 106-беренесинин 3-бөлүгү (Ден соолукка оор залал келтирип, этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) боюнча козгогон. Кийинчерээк тергөө органдары ишти 99-берене - “Адам өлтүрүү” деп кайра квалификациялашкан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















