Сокулукта 30 мүнөттө эки жол кырсыгы катталып, айдоочу каза болду

Чүй облусунун Сокулук районунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен айдоочу каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 9-январда Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 8-январда түнкү саат 02:00 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун Романовка айылынын аймагында болгон. Субару Легаси үлгүсүндөгү унаа жогорку ылдамдыкта бара жатып, артынан Киа Оптима унаасын сүзүп кеткен. Андан соң айдоочу кырсык болгон жерден изин жашырып кеткен.
Болжол менен 30 мүнөттөн кийин ошол эле Субару Легаси унаасы Романовка – Первомайское автожолунда бара жатып, рулду башкара албай, даракты сүзгөн. Унааны 1994-жылы туулган М. А. уулу башкарып бара жаткан. Ал алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Аталган факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын бардык жагдайлары такталууда.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео

















