"Экинчи бул ырды ырдабайт". Нурсултан Малдыбаев "Джентельмен" ыры боюнча билдирүү жасады
Ырчы Нурайым Акылбекова жаңы ырдап чыккан "Джентельмен" композициясы кыска убакытта YouTube'да миллион көрүү чогултту. Бирок ыр социалдык тармактарда талкууга жем таштады.
Колдонуучулар көбүнчө ырдын обону жана текстине көңүл буруп, музыкалык негиз Мукан Рыскулбековго, текст Жолдошбек Абдыкалыковго таандык экенин белгилешти. Кээ бир колдонуучулар жаңы чыгарма катары пайдалануу туура эмес деп сынга алышты.
Обончунун жакындары болсо "Биз мыйзам чегинде чара көрөбүз" деп билдиришти.
Текстти кайра жазган Нурсултан Малдыбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылып, ыр мындан ары аткарылбай турганын жана YouTube менен Instagram'дан толук өчүрүлгөнүн билдирди. Ал Мукан Рыскулбековдун жакындарынан жана коомчулуктан кечирим сурады.
"Бул чыгармадагы идея жаңыча чыгаруу гана болду. Эч качан аны жеке менчиктеп алуу максатында жасаган жокпуз. Бар болуңуздар, өнөр сүйгөн улуу эл!",- деп жазды Малдыбаев.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















