super.kg logo

"Ал бизди көмүшү керек эле". Мурат Бисембиндин атасы уулунун акыркы күндөрүн эскерди (видео)

 

Бүгүн, 9-январда Алматы шаарында белгилүү казакстандык актёр Мурат Бисембинди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Азем борбордук мечитте уюштурулуп, ага маркумдун жакындары, кесиптештери жана көптөгөн күйөрмандары катышты.

Коштошуу учурунда актёрдун атасы Болат Бисембин уулунун өмүрүнүн акыркы күндөрү тууралуу айтып берип, көзүнө жаш алды. Анын айтымында, уулу оор илдетке карабастан үмүтүн үзбөй, акыркы күндөрүнө чейин жакындарына таяныч болуп келген.

"Эмне дешимди да билбейм. Институтту окуп бүтүрдү. Ата-энеси көзү тирүү туруп, балдарынан ажыраган кандай оор. Ал бизди акыркы сапарга узатып, көмүшү керек эле, бирок тескерисинче болду. Ичпеди, чекпеди, акыркы жылдары спорт менен алектенди",- деди актёрдун атасы.

Эске салсак, Мурат Бисембин "Рэкетир" тасмасындагы башкы ролу аркылуу элге кеңири таанылган. Ал 54 жашында узак убакытка созулган онкологиялык оору менен күрөшүп жүрүп, бул дүйнө менен кош айтышты. Актёрдун артында жубайы жана үч баласы калды.






Мурат Бисембиндин атасы уулунун акыркы күндөрүн эскерди

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: