Стамбулда катуу бороондон улам учактын конуусу кыйындады (видео)
Түркиянын Стамбул шаарында катуу бороон болуп, анын кесепетинен шаардын ар кайсы райондорунда кыйроолор катталды. Түштүк-батыштан соккон күчтүү шамалдан улам айрым үйлөрдүн чатырлары жана имараттардын бөлүктөрү учуп, бак-дарактар кулап, Сарыер районунун жээк тилкесинде да зыяндар болгонун чет элдик басылмалар билдиришүүдө.
Буга чейин метеорология кызматы "сары" деңгээлдеги коркунуч жарыялаган. Бешикташ районунда толкундар бийик көтөрүлүп, натыйжада Кадыкөйдүн ортосундагы паром каттамы убактылуу токтотулуп, шаар ичиндеги айрым деңиз каттамдары да жокко чыгарылды. Кемелер оор кыйроолорго дуушар болду.
Аба ырайынын кескин өзгөрүшү авиакаттамдарга да таасирин тийгизди. Тактап айтканда, учактардын бири "Сабиха Гөкчен" атындагы аэропортко коно албай калган.
Стамбулда катуу бороондон улам учак коно алган жок
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















