Түркияда катуу шамал: Имараттар кыйрады, жолдор жабылды, бир адам каза болду
Түркияда январь айында катуу шамал жана бороон дээрлик бардык аймактарды каптады. Жергиликтүү маалымат булактары билдиргендей, аба ырайынын кесепетинен имараттардын жана транспорттун бузулушу, көчөлөрдүн тосулушу жана электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы катталды.
Күчтүү шамал имараттардын чатырларын учурду, ондогон дарактарды жулуп таштады жана кайыктарга зыян келтирди. Бул себептен учактар учуп-конууга тоскоол болуп, жүк ташуучу унаалар кулап, негизги жолдор жабылды.
Бурсада дубалдын кулашынан 22 жаштагы жаш жигит каза болду. Коджаэлиде мектептерде окуу убактылуу токтотулду. Стамбул, Балыкесир жана Маниса шаарларында пляждар, тарыхый имараттар жана минареттерге зыян келтирилди. Паром жана башка деңиз каттамдары токтотулду.
Метеорологиялык кызмат Стамбул, Анкара жана бир катар провинцияларга "сары" деңгээлдеги коркунуч эскертүүсүн чыгарды. Алдын ала маалыматтарга караганда, жакынкы күндөрү аба температурасы кескин төмөндөйт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















