Трамп АКШ Венесуэла мунайынан канча киреше тапканын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттар Венесуэладан бир күндө 4 миллиард долларлык мунай алганын билдирди. Бул тууралуу ал Fox News телеканалына берген маегинде айтты.
"Миллиарддар триллионго айланат"
Трамптын айтымында, Венесуэла мунайынан түшкөн киреше келечекте жүздөгөн миллиард долларга, ал тургай триллиондорго чейин өсүшү мүмкүн.
"Бул — мунайдан түшкөн миллиарддаган долларлар. Убакыт өткөн сайын алар жүздөгөн миллиардга, андан соң триллионго айланат. Биз Венесуэлада өлкө толук тартипке келгенге чейин болобуз",- деди АКШ президенти.
Анын айтымында, америкалык күчтөр көзөмөлүнө алган "Маринера" аттуу танкерден мунайды түшүрүү иштери буга чейин эле башталган.
"Биз аймакка туруктуулук алып келдик"
Трамп Венесуэлада жүргүзүлгөн аскердик операцияга да токтолуп, АКШ аймакка туруктуулук орнотту деп билдирди. Ошондой эле Венесуэлага кирген ири америкалык компаниялар чоң киреше табарын, ошол эле учурда Каракас да бул кирешелерден үлүш ала турганын кошумчалады.
"Донро доктринасы" жана Батыш жарым шарынын коопсуздугу
Маектин жүрүшүндө Трамп өзүнүн тышкы саясий концепциясын кайрадан эске салып, аны "Донро доктринасы" деп атады. Анын айтымында, бул саясат Батыш жарым шарынын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Президенттин билдиришинче, бул доктринанын максаты — АКШга баңгизаттардын киришине жана "жаман адамдардын" өтүшүнө жол бербөө. Трамп ошондой эле башкы командачы катары аны моралдык принциптер гана чектей турганын белгиледи.
Венесуэладагы окуялардын өнүгүшү
Эске салсак, декабрь айынын башында АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, президент Николас Мадурону жана анын жубайын Каракаста кармаган. Кийинчерээк Мадуро Нью-Йорктогу Бруклин тергөө абагына жеткирилген.
АКШ бийлигинин маалыматына караганда, ага баңгизат терроризми, кокаинди мыйзамсыз ташуу, автоматтык куралдар жана жардыргыч заттарды сактоо жана колдонууга даярдоо боюнча оор айыптар коюлган. Бул айыптар боюнча Мадурого өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы коркунуч жаратууда.
Соттук отурумда Мадуро өзүн күнөөсүз деп жарыялап, өзүн дагы деле Венесуэланын президенти деп атады. Анын жубайы да коюлган айыптарды толугу менен четке каккан.
Венесуэлада убактылуу бийлик жана АКШга кайрылуу
Николас Мадуро кармалгандан кийин, Делси Родригес Венесуэланын убактылуу президенти болуп дайындалган. Алгач ал АКШнын аракеттерин кескин айыптаган, бирок кийин Дональд Трампка кайрылып, венесуэлалыктар тынчтыкка татыктуу экенин билдирген.
Ошондой эле Родригес АКШ өкмөтүн кызматташуу программасын биргелешип иштеп чыгууга чакырган. Бул кайрылуу Трамп Венесуэла кызматташпаса, жаңы сокку урулушу мүмкүн экенин эскерткенден кийин жасалган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















