"Өз өлкөңдүн көйгөйлөрү менен алектен..." Ирандын жогорку лидери Трампты катуу сынга алды

Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи АКШнын президенти Дональд Трампка карата катуу билдирүүлөрдү жасады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Тарыхтагы тагдырды эстеши керек"
Коомчулукка кайрылуусунда Хаменеи Трампты текеберликке айыптап, өткөн доорлордо бийлигинин чегине жеткен маалда кулатылган башкаруучулардын тагдырын эстеши керектигин айтты.
"Ал жерде отуруп алып, текеберлик жана өзүмчүлдүк менен бүт дүйнө тууралуу өкүм чыгарып жаткан адам билип койсун: Фараон, Нимрод, Реза-хан, Мохаммад Реза сыяктуу зөөкүр башкаруучулар дал өздөрүн эң күчтүү сезген учурда кулатылган. Аны да ушундай тагдыр күтөт", — деди Али Хаменеи.
Ал ошондой эле АКШ президентинин аракеттерин миңден ашуун ирандыктын өлүмүнө тиешеси бар деп айыптады.

"Өз өлкөңдүн көйгөйлөрү менен алектен"
Иран лидери өлкөдөгү айрым адамдарды АКШ президентинин колдоосуна ээ болуу үчүн өз мамлекетинин кызыкчылыктарына каршы аракет кылууга даяр деп сынга алды. Ошондой эле Дональд Трамптын Ирандагы нааразылык акцияларын колдой турганы тууралуу билдирүүлөрүн негизсиз деп атады.
"АКШ президенти Ислам Республикасы тигиндей же мындай кадамга барса, нааразылык акцияларына чыккан адамдардын тарабында болорун айтып жатат. Ал мындан көрө өз өлкөсүн башкаруу менен алектенсин, анткени АКШнын өзүндө эле көйгөйлөр жетиштүү", — деди Али Хаменеи.
Ирандагы массалык нааразылыктар
Эске салсак, Иранда 28-декабрдан бери массалык нааразылык акциялары уланып келет. ЖМКлардын маалыматына ылайык, нааразылык акциялары Тегерандын башкы базарында башталып, соодагерлер гиперинфляцияга жана баалардын кескин өсүшүнө каршы дүкөндөрүн жапкан.
29-декабрда иран риалы тарыхый эң төмөн деңгээлге түшүп, бир риал болжол менен 0,00002 еврого бааланган.

Катуу чаралар жана курмандыктар
Кийинчерээк Али Хаменеи өлкөдөгү массалык башаламандыктарга катышкандарга карата катаал чаралар көрүлүшү керектигин билдирген.
IHRNGO укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, нааразылык акцияларынын алгачкы 12 күнүндө кеминде 45 адам каза болгон, алардын сегизи — жашы жете элек балдар. Мындан тышкары жүздөгөн адамдар жаракат алып, 28-декабрдан бери 2000ден ашуун киши кармалган.
Интернетке чектөө киргизилди
8-январда Иранда 1979-жылы кулатылган шахтын тукуму Реза Пехлевинин чакырыгынан кийин кайрадан нааразылык жүрүштөрү өткөн. Бийлик бул окуялардан кийин интернетке жана байланыш каражаттарына чектөө киргизген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















