super.kg logo

Иран Израил менен АКШны өлкөдөгү нааразычылык акцияларын уюштурган деп айыптады

 

Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңеши өлкөдөгү башаламандыктарга Израил менен АКШны айыптаган билдирүү таратканын чет элдик басылмалар жазышты.

Анда экономикалык туруксуздуктан башталган нааразычылык акцияларды Израил Ирандагы кырдаалды туруксуздаштырууга багыттап жатканы айтылган. Ошондой эле маалыматта АКШнын президенти Дональд Трамптын акыркы билдирүүлөрү Ирандын пайдубалын бузууга умтулуу катары бааланган.

"Иран эли бир кезде 12 күндүк согушта (ред.: Израил менен болгон) биримдигин көрсөтүп, душманды стратегиялык жеңилүүнү моюнга алууга мажбурлаган. Бүгүн ошол эле биримдик менен биз алардын бардык кыйратуучу пландарын жокко чыгарабыз", - деп айтылган билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Иранда нааразычылык акциялары 28-декабрда улуттук валютанын кунунун түшүшү, инфляциянын өсүшүнөн улам башталган.
Иран бийлиги нааразычылык акциялары күчөп жаткан маалда интернетти дээрлик толугу менен өчүргөнү кабарланды. Буга чейин митингдерде кеминде 35 киши набыт болуп, 1200дөн ашууну камакка алынганы айтылган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: