“Өнүктүрүү кубогу-2014” Эл аралык мелдешинде футбол боюнча Кыргызстан өспүрүмдөр курама командасы Украинага ири эсепте утулду
Кечээ, 21-январда 17 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргызстан курама командасы Минскте өтүп жаткан “Өнүктүрүү кубогу-2014” Эл аралык мелдешинде Украинага ири эсепте утулду. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 40 мүнөттөн 2 тайм ойнолгон Кыргызстан-Украина беттешинде украиналыктар 5 гол киргизип, жеңишке жетишишти. Кыргызстандык футболчулар гол менен жооп кайтара алышкан жок.
Кыргыз футболчулары эми 9-12-орун үчүн оюн өткөрүүнү улантышат.кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.