Жети банкка которулган ири акча... Бишкекте батир сатуу боюнча алдамчылардын бири кармалды
Бишкекте батир сатууну көздөп, жаранды ири суммадагы акчага алдап кеткендердин бири аныкталды. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Маалым болгондой, 12-ноябрда Биринчи Май райондук милициясына жаран арыз менен кайрылды. Анда 5-ноябрда белгисиз адамдар WhatsApp тиркемеси аркылуу батир сатуу шылтоосу менен ишенимге кирип, анын 49 миң 900 доллар өлчөмүндөгү акча каражаттарын алдап алышкан. Көрсөтүлгөн акча каражаттары жети банктык эсепке которулган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-прим бөлүгүнө (Электрондук төлөм каражаттарын, виртуалдык актив капчыгын жана SIM-карталарды үчүнчү жактарга атайылап берүү же сатуу) ылайык кылмыш иши козголгон. Текшерүүнүн жүрүшүндө жабырлануучу жалпы суммасы 3 655 000 сом акча каражатын которгону аныкталды.
Банктык эсептердин ээлеринин өздүгүн жана турган жерин, ошондой эле акча каражаттарынын жүрүү багыттарын аныктоо максатында тергөө органдары зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чараларды жүргүзүүдө. Анын ичинде банктык которуулар боюнча маалыматтарды жана эсеп ээлеринин анкеталык маалыматтарын алуу чаралары көрүлүүдө.
Тергөө иш-чараларынын алкагында акча каражаттарын алуучулардын бири 2007-жылы туулган А.Б. аныкталды. Анын банктык картасына 200 миң сом өлчөмүндө акча каражаты түшкөн. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөө уланууда.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















