"Өзүмө унаа белек кылганым эсимде..." Ырчы Лира Райымбекова 55 жашка толду
Бүгүн, 10-январда "Үч-Теректин үч кызы" атка конгон бир тууган ырчылар, Райымбековалардын бири Лира Райымбекова 55 жашка толду. Өздүк майрамы менен куттуктап ырчыга байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, туулган күнүн жакындарынын курчоосунда өткөрөрүн билдирди.
"Жылда дос-тааныштарды чакырып, кече кылып өткөрчүмүн. Быйыл бул күндү ден соолугума байланыштуу жакындарым менен эле чакан дасторкондун үстүндө белгилейм. Тумоолоп калганыма байланыштуу азырынча ушундай. 55 жаштын 35ин чыгармачылыкка арнап коюпмун. Буюрса, быйыл чыгармачылыгымдагы ийгиликтерим менен бөлүшкөнчө жеке концертимди берсемби деген да ойлор бар. Аны эми убакыт көрсөтөт", - деди ырчы айым.

Ошондой эле Лира Райымбековадан эсте калган туулган күнү жана белеги тууралуу сураганыбызда 15 жыл илгери өзүнө-өзү кылган жагымдуу маанайды эстеп өттү.
"Анда кыш дагы өзгөчө болуп, кар калың жааган. Туулган күнүмдө да кар токтобой, айлана өзүнчө жомок болуп турду. Ал күндү жакындарымды чакырып майрамдаганбыз. Анан өзүмө унаа белек кылгам. Ал учурда айдаганды да жакшы билбейт болчумун. Ошол туулган күнүм аябай эсимде калган", - деди ырчы.

Лира Райымбекова Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Өзгөрүш айылында төрөлгөн. Улуттук филармониянын алдындагы эстрадалык 2 жылдык окуу жайын бүтүргөн. 1991-жылдан баштап "Алымкул Үсөнбаев" атындагы эл шайырлар фольклор тобунда эмгектене баштаган. Алгач "Алымкан", "Күлгүн жаш", Ш.Дүйшөбаевдин "Жан сырым" деген ырларды аткарып, эл оозуна алынган. 35 жылдан бери Улуттук филармонияда "Эл шайырлар" тобунун ырчысы болуп эмгектенет.
10-январга карата жылнаама.
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео















