super.kg logo

Жетекчилик кызматтагылардын канча байлыгы бар?

 

Салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин толтурган декларацияларын жарыялады.

Алсак, Салык кызматынын башчысы Алмамбек Шыкмаматов былтыр 3 миллион 271 миң 963 сом тапканын көрсөткөн. Анын 190,7 чарчы метрди түзгөн батири бар.

Айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев 1 миллион 811 миң 987 сом киреше көргөн. Министрдин 179 жана 180 чарчы метрди түзгөн 2 үйү бар. Ошондой эле ага 1430 жана 40 чарчы метр болгон 2 айыл чарба багытындагы жер тилкеси таандык. 100 чарчы метр болгон айыл чарба багытындагы эмес жери да бар. Анын жакындары былтыр 7 миллион 272 миң 130 сом табышкан.

Министрлер кабинетинин төрагасы Эдил Байсаловдун бир жылдык кирешеси 2 миллион 846 миң 732 сом экенин көрүүгө болот. Анын 125,8 чарчы метрди түзгөн үйү бар.

Курулуш министри Нурдан Орунтаев былтыр 1 миллион 439 миң 314 сом тапкан. Анын атында 8000 жана 16 миң чарчы метр болгон 2 айыл чарба багытындагы жер тилкелери катталган. Жакындары 2 миллион 300 миң сом киреше көрүшкөн.

Жаратылыш министри Медер Машиев 2 миллион 723 миң 245 сом киреше көргөн. Анын 95,5 чарчы метрди түзгөн 2 үйү жана 109,7 чарчы метрлик батири бар. Ошондой эле 540 миң сомдук унаасы көрсөтүлгөн. Жакындары 8 миллион сом табышкан.

Ал эми акыйкатчы Жамилия Жаманбаеванын декларациясында былтыр 2 миллион 294 миң 225 сом тапканы жазылат. Ошондой эле 180 чарчы метрлик батири жана 5 миллион 500 миң сомго бааланган унаалары бар экени көрсөтүлгөн.

БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров былтыр 3 миллион 859 миң 495 сом киреше көрүп, 600 миң сом чыгаша кылган. Анын 116,60 чарчы метрди түзгөн батири жана 17 чарчы метрден болгон 2 унаа токтотуучу жайы, ошондой эле 5000 чарчы метрлик айыл чарба багытындагы жер тилкеси бар. Мындан тышкары 2 миллион 500 миң деп баалаган жылкылары жана жалпы баасы 3 миллион 250 миң сом болгон бодо малдары көрсөтүлгөн.

Мурдагы баш прокурор, учурдагы Жогорку Кеңештин депутат Курманкул Зулушев декларациясына жыл ичинде 12 миллион 639 миң 134 сом тапканын көрсөткөн. Анын 0,50 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси бар. Эл өкүлүнүн 2 миллион 64 миң сомго бааланган унаалары, 13 миллион сом деп көрсөтүлгөн бодо малдары жана 12 миллион сомго бааланган жылкылары бар. Ошондой эле 10 миллион сом делген күлүк жылкылары да көрсөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
13.01.2026. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Түркиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Орусиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз Сеулдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз WhatsApp +1 (303) 794-9090 https://caluaniemuelearus.com/ https://caluaniemuelearus.com/catalog/ https://amchemicalss.com/chemicals/ Азык-түлүк үчүн этанол жеткирүүчү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: