Колумбиянын лидери АКШ менен диалогго барууга үмүттөнөт
Колумбия президенти Густаво Петро Венесуэладагы акыркы операциядан кийин АКШнын өз өлкөсүнө каршы аскердик аракеттерди көрүшү мүмкүндүгүн жокко чыгарбайт.
"Коркунуч бар жана ал реалдуу. Бизде жок курал-жарак менен күчтүү армияга каршы турабыз деп күтпөйбүз. Биздин колдообуз – тоолорубуздагы, токойлорубуздагы эл. Бул ар дайым болуп келген", - деген ал британиялык BBC телеканалына берген маегинде.
Ошол эле учурда Петро АКШ менен диалогго барууну артык көрөрүн айткан. Колумбия лидери Вашингтондун башка өлкөлөргө империялык амбициялары менен мамиле кылуу аракеттери АКШнын өзүн обочолонтуу коркунучун жаратарын белгилеген.
Венесуэладагы операциядан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп Колумбия президенти да этият болушу керектигин эскерткен жайы бар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















