"Бир да автобус алынган жок". "Белес.kg" ата мекендик ишканасынын негиздөөчүсү президентке кайрылды
Ата мекендик автобустарды кураштыруу менен алектенген "Белес.kg" ишканасынын негиздөөчүсү Мирбек Аскалиев өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылды. Ал президенттин 4 жыл мурунку убадасын эске салып, ал орундалбай жатканын билдирди.
"2022-жылы сиз биздин заводго келгенде, BELES үгүсүндөгү алгачкы ата мекендик автобустарды өзүңүз айдап көрүп, “колдоо үчүн алгачкы партияны сатып алабыз” дегенсиз. Президенттин колдоосу менен биздин автобус өндүрүшү улуттук сыймыкка айланат деп үмүттөнгөнбүз. Бирок төрт жыл өтсө да ошол чечим ишке ашпай калды. Жооптуу органдар ар кандай шылтоолорду айтты. Бир да ата мекендик автобус сатып алынган жок.
Негизги жүйө – кымбат дегени. Бирок фактылар такыр башкача сүрөттү көрсөтөт! BELES автобусунун баасы 168 миң евро. Ал эми Бишкек мэриясы Түркиядан сатып алган, комплектациясы биздин BELES'ке окшош Isuzu Citiport автобустары 317 миң 500 евродон (жалпы 17 автобус үчүн 5,4 миллион евро, бирөөсү болжол менен 317 500 евро). Бул деген – импорттогу автобус биздикинен 85 пайыз кымбат.
Орто Азиянын шаарлары өсүп жатканда, автобуска суроо-талап күчөп бара жатат. Биздин BELES`ти экспортко чыгарып, киреше табууга реалдуу мүмкүнчүлүк бар. Бул өндүрүш туруктуу, кирешелүү жана улуттук экономикага чыныгы салым кошот", - деп жазыд ал социалдык тармактагы баракчасында.
Аскалиев мамлекет башчыдан аталган маселеге көңүл буруп, ата мекендик өндүрүштү колдоону өтүндү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
handriel
13.01.2026. 13:34
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз
Түркиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз
АКШдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз
Орусиядан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз
Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз
Сеулдан Caluanie Muelear Oxidize сатып алыңыз
WhatsApp +1 (303) 794-9090
https://caluaniemuelearus.com/
https://caluaniemuelearus.com/catalog/
https://amchemicalss.com/chemicals/
Азык-түлүк үчүн этанол жеткирүүчү
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















