super.kg logo

Ирандагы нааразычылык акцияларында каза болгондордун саны өсүүдө

 

Time басылмасы Тегерандагы аты аталбаган дарыгерге шилтеме берип, Ирандын борборундагы алты ооруканада нааразычылык акцияларынын 217 катышуучусу октон каза болгонун жазып чыкты.

Дарыгердин айтымында, бийлик өкүлдөрү жума күнү сөөктөрдү ооруканадан алып кетишкен. Ал каза болгондордун көпчүлүгү жаштар экенин айткан. Активисттер окуяда кеминде 30 адам жаракат алганын билдиришкен.

HRANA адам укуктары боюнча маалымат агенттигинин маалыматы боюнча, нааразычылык акциялары учурунда кеминде 62 адам каза болгон. Анын ичинде 14 коопсуздук күчтөрүнүн кызматкери бар.

Буга чейин митингдерде кеминде 35 киши набыт болуп, 1200дөн ашууну камакка алынганы айтылган.

Белгилей кетсек, Иранда нааразычылык акциялары 28-декабрда улуттук валютанын кунунун түшүшү, инфляциянын өсүшүнөн улам башталган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: