super.kg logo

Эң көп айлык акыны кайсы тармакта эмгектенгендер алышат?

 

2025-жылдын январь-октябрь айларындагы орточо айлык акысы эң жогорку көрсөткүчкө чыккан финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында эмгектенгендер болду. Бул тармактыкы 80 миң 883 сомду түзгөн.

Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин отчётунда айтылат. Калган тармактар боюнча:

  • маалымат жана байланыш - 75 миң 432 сом;
  • пайдалуу кендерди казуу - 71 миң 981 сом;
  • иштетүү өндүрүшү (иштетүү өнөр жайы) - 62 миң 403;
  • мамлекеттик башкаруу жана коргоо; милдеттүү социалдык камсыздоо - 61 миң 833 сом;
  • электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо - 56 миң 991 сом;
  • транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо - 56 миң 939 сом;
  • кесиптик, илимий жана техникалык ишмердик - 54 миң 255 сом;
  • курулуш - 53 миң 265 сом;
  • дүң жана чекене соода, унаа жана мотоциклдерди оңдоо - 48 миң 678;
  • административдик жана көмөкчү ишмердик - 41 миң 744 сом;
  • кыймылсыз мүлк операциялары - 41 миң 612 сом;
  • суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу - 34 миң 775 сом;
  • мейманканалардын жана ресторандардын ишмердиги - 34 миң 251 сом;
  • айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук - 29 миң 800 сом;
  • саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө - 27 миң 936 сом;
  • билим берүү - 26 миң 768 сом;
  • искусство, көңүл ачуу жана эс алуу - 24 миң 790 сом;
  • башка тейлөө ишмердиги - 30 миң 524 сом.

Өлкө боюнча орточо айлык акы 42 миң 919 сомду же 491,3 долларды түзгөн. Аймактарда кандай?






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: