super.kg logo

Батир, унаа, үй... Астанада уулун дарылатуу шылтоосу менен алдамчылыкка барган жубайлар соттолду (видео)

 

Казакстандын Астана шаарында оорулуу баланы дарылоого каражат чогултуу шылтоосу менен алдамчылыкка барган Тотакановдордун үй-бүлөсүнүн соттук иши аяктады. Соттун чечимине ылайык, 2020‑2024‑жылдары Тотакановдор 2019‑жылы төрөлгөн уулун дарылоого каражат чогултуу боюнча системалуу иш жүргүзүшкөн. Бала төрөлгөндөн кийин бир катар оор диагноздор коюлган. Каражат чогултуу үчүн жубайлар социалдык тармактардагы таргеттелген жарнамаларды колдонушкан.

Натыйжада Толкын Тотаканованын жана анын апасынын эсебине болжол менен 2,2 миллиард теңге түшкөн, анын ичинде 1,4 миллиард теңге кайрымдуулук катары берилген.

Акча эмнеге жумшалды?

Сот материалдарына ылайык, чогулган каражаттын чоң бөлүгү баланын дарыланышына эмес, жеке керектөөлөргө коротулган:

Турак жай жана транспорт:

  • Эки батир — 47 миллион теңге,

  • Жер тилкелери — 8 миллион теңге,

  • Lexus RX 300 — 28 миллион теңге,

  • Hyundai Santa Fe — 8,2 миллион теңге,

  • Toyota Camry 75 — 15 миллион теңге,

  • Toyota Land Cruiser Prado 150 — (баасы тактала элек).

Башка чыгымдар:

  • Бренддик товарлар – 9,7 миллион теңге,

  • Жарнамага – 481 миллион теңге,

  • Карыздарды жабуу – 349,5 миллион теңге.

Сот белгилегендей, баланын дарыланышы үчүн чогултулган каражаттан болгону 6,4 миллион теңге жушмалган.

Айыптар жана өкүм

Тотакановдорго "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык", "Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу" беренелери боюнча айып тагылган. Прокурор экөөнө тең 7 жылдык эркинен ажыратуу жазасын сураган.

Сот чечими менен:

  • Толкын Тотаканова 7 жылга эркинен ажыратылды жана 10 жыл бою кайрымдуулук ишин жүргүзүүгө тыюу салынды. Анын жаза мөөнөтү 2 жылга кечиктирилди, анткени анын кичинекей баласы бар.

  • Даулет Тотаканов 7 жылга эркинен ажыратылды, мүлкү конфискацияланды жана 10 жыл каражаттарды чогултууга тыюу салынды.

Бул өкүм азырынча мыйзамдуу күчүнө кире элек.






Астанада уулун дарылатуу шылтоосу менен алдамчылыкка барган жубайлар соттолду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: