Нидерландда жасалма интеллекттин айынан жубайлардын никеси жараксыз деп табылды
Нидерландда сот ChatGPT´нин жардамы менен даярдалган тексттен улам жубайлардын никесин жараксыз деп тапты.
Чет элдик басылмалар жазышкандай, жубайлар 2025-жылдын 19-апрелинде никеге туруп, аземде айтылган текстти дос кызына жаздыртып, окутушкан. Ал салтанаттын текстин ChatGPT менен бирге түзгөн.
Аземде тамашалуу суроолор айтылганы менен, эң негизги юридикалык талап – тараптар бири-бирин расмий жубайы катары таанып, мыйзамдык милдеттенмелерди аткарары тууралуу пункт кошулбай калган. Бул талап аткарылбаса, Нидерланд мыйзамдары боюнча нике жараксыз деп эсептелет.
Натыйжада прокуратура нике күбөлүгүн жокко чыгаруу өтүнүчү менен сотко кайрылган. Жубайлар каршылык билдиргенине карабай, сот чечимди күчүндө калтырды. Эми алар мыйзамдуу жубай болуш үчүн кайрадан никеге турууга мажбур.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















