Мурдагы депутаттын жубайы кордук көрүп жатканын айтып, Ташиевге кайрылды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиевдин жубайы күйөөсү тарабынан зомбулук көрүп жатканын айтып, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Анын кайрылуусун "Сокол медиа" маалымат агенттиги жарыялады.
Анда өзүн Батма деп тааныштырган айым мурдагы депутат менен 38 жылдан бери жашап келе жатканын белгилеп, ал тарабынан коркутуу болуп жатканын айтат. Ошондой эле ал жашап жаткан үйүнөн мажбурлап чыгаруу аракетине кабылып жатканын кошумчалаган. Батма жолдошун көп аялдуулукка да айыптаган.
"Кайра-кайра аял алып жүрсө дагы балдарым үчүн кечирип келгем. Ал үйгө келип мага кол көтөрүп жатат. Ушунча жыл чогуу жашап, ал менин үстүмдөн 10 жолу аял алды. Мен белгенден, азыркы учурда ал 4-5 аял менен жашап жатат", - дейт ал.
Мурдагы депутаттын жубайы кордук көрүп жатканын айтып, Ташиевге кайрылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:24
2026-02-13
20:04
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















