super.kg logo

Орусияда мигранттар медициналык текшерүүдөн качса жоопко тартылат

 

Орусияда милдеттүү медициналык текшерүүдөн качкан эмгек мигранттары жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Эми Орусияга үч айдан ашык мөөнөткө келген чет өлкөлүктөр медициналык текшерүүдөн өтүү мөөнөтү 90 күндөн 30 күнгө кыскартылат. Текшерүү жыйынтыктары медициналык мекемелер тарабынан Ички иштер министрлигине берилет, ал эми инфекциялык оорулар аныкталса Саламаттык сактоо тармагындагы тийиштүү кызматтарга кабарланат. Бул чаралар мигранттарды тез арада депортациялоого багытталган.

Медициналык текшерүүдөн качкандарга айып пул салынып, соттун чечими менен өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн. Ал эми ден соолук тууралуу документтерди жасалмалоо кылмыш катары каралат.

Вячеслав Володин белгилегендей, бул чаралар мигранттарга карата көзөмөлдү күчөтүү жана коомдук коопсуздукту жогорулатуу максатын көздөйт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: