super.kg logo

Москвада жааган кар акыркы 50 жылдагы рекордду жаңылады

 

Орусиянын Москва шаарында Фрэнсис циклону алып келген тынбай жааган кар акыркы жарым кылымдагы рекорддук көрсөткүчтү жаратты. Бир сутканын ичинде борбор калаада 22 миллиметр кар түшүп, бул январь айынын нормасынын 42 пайызына туура келди. Бул тууралуу "Фобос" аба ырайы борборунун адиси Евгений Тишковец билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, бул жолку кардын жаашы 1976-жылдын январында катталган көрсөткүчтөн 12,9 миллиметрге ашып түшүп, акыркы 50 жылдагы рекордду жаңылады. Ошол эле учурда жалпы тарыхый максимумду жаңылоого болгону 1 миллиметр жетпей калды.

"1970-жылдан бери сакталып келген январь айындагы суткалык рекордду кайталоого болгону 1 миллиметр жетишсиз болду. Демек, Москвада кыштын ортосунда мындай кардуу аба ырайы акыркы 56 жылдан бери каттала элек болчу", - деп белгиледи Тишковец.

Бир сутканын ичинде Москвада кар катмарынын калыңдыгы орто эсеп менен 23 сантиметрге өстү. Внуково аймагында бул көрсөткүч 32 сантиметрди, ал эми Москва облусундагы Долгопрудный шаарында 33 сантиметрди түздү. Ал жакта январь айына карата норманын 60 пайыздан ашыгы түшкөн. Натыйжада Подмосковьеде бул кышта алгач ирет кар күрткүлөрүнүн бийиктиги жарым метрден ашты. Черусти кыштагында кар катмары 51 сантиметрге жетти. Балчуг аймагында болсо кардын калыңдыгы 39 сантиметр болуп, бул климаттык нормадан 1,5 эсе жогору көрсөткүч болуп калды.

Синоптиктин маалыматына караганда, ишемби жана жекшемби күндөрү Москвада абанын температурасы төмөндөп, кар жаашы басаңдайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: