Японияда эң ири көк тунец балыгы элита үйдүн баасында сатылды (видео)
Японияда көк тунецтин тарыхтагы эң кымбат сатылышы катталды. Токионун Тоёсу балык базарында өткөн аукциондо салмагы 243 килограмм болгон гигант көк тунец 510,3 миллион иенге, же болжол менен 3,2 миллион долларга сатылды. Бул көрсөткүч 1999-жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткан статистикадагы эң жогорку баа болуп калгандыгын чет элдик басылмалар белгилешүүдө.
Маалыматка ылайык, аукциондун жеңүүчүсү "тунецтин падышасы" деген ат менен белгилүү болгон ишкер Киеси Кимура болду. Ал "Sushi Zanmai" аттуу белгилүү суши-ресторандар тармагына ээлик кылган компаниянын жетекчиси.
Сейрек кездешүүчү ири тунец Япониянын Аомори префектурасындагы Ома жээгинен кармалган. Соодалашуу аяктаары менен балык дароо бөлүктөргө бөлүнүп, "Sushi Zanmai" тармагындагы ресторандарга жөнөтүлгөн.
Эксперттердин айтымында, мындай рекорддук баалар Японияда тунецке болгон суроо-талаптын жогору экенин жана балык аукциондорунун символикалык маанисин дагы бир жолу тастыктап турат.
Японияда эң ири көк тунец элиталык үйдүн баасына сатылды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















