super.kg logo

Трамп Гренландияга басып кирүү планын даярдап жатканы айтылууда

 

АКШнын президенти Дональд Трамп атайын операциялар күчтөрүнүн командирлерине Гренландияга мүмкүн болгон басып кирүү планын иштеп чыгууну тапшырды. Бирок АКШнын жогорку даражалуу аскер жетекчилери бул демилгеге каршы чыгып жатышат. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, абалды билгендер Трамптын администрациясындагы катаал багытты жактаган топ бул демилгени активдүү илгерилетип жатканын белгилешкен. Аталган топту президенттин саясий кеңешчиси Стивен Миллер жетектеп, алар Венесуэланын лидери Николас Мадурону кармоо боюнча операциянын ийгилигинен улам тез аракет кылууну көздөшүүдө. Алардын пикиринде, АКШ Гренландияны Орусия же Кытай андан мурда көзөмөлгө албашы үчүн шашылыш кадамга барышы керек.

Ошол эле учурда британ дипломатык булактар Дональд Трампты бул демилгеге ички саясий себептер да түртүп жатканын белгилешет. Тактап айтканда, АКШдагы экономикалык кырдаалдан шайлоочулардын көңүлүн алаксытуу максаты бар экени айтылууда. Быйыл өтө турган Конгресске аралык шайлоодон кийин Трамп мыйзам чыгаруу бийлигин жоготуп алышы мүмкүн.

Бирок Гренландия маселесиндеги мындай кадам Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер менен олуттуу карама-каршылыкка алып келип, НАТО альянсынын ичинде терең ажырым жаратышы ыктымал экени эскертилет.

Булактардын маалыматына караганда, президент АКШнын Атайын операциялар боюнча биргелешкен командачылыгына басып кирүү планын даярдоону тапшырган. Бирок Куралдуу күчтөрдүн штаб жетекчилери операциянын мыйзамсыз экенин жана Конгресстин колдоосу жоктугун негиз кылып, бул тапшырмага каршылык көрсөтүп жатканы кабарланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: