super.kg logo

Экибастуздагы кандуу кол салуунун видеосу тарады. Окуянын себеби

 

Казакстандын Экибастуз шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн биринин улагасында кандуу кол салуу катталды. Каргашалуу окуянын байкоочу камераларга түшкөн кадрлары интернет желесине тарады. Анда буту кан болгон аял тепкич менен качып түшүп кулаганын көрүүгө болот. Артынан келген аял аны ур-токмокко алып, бычак менен кол салган.

Павлодар облусунун полиция департаментинин маалыматына караганда, окуя 9-январда батирдин ичиндеги чырдан улам чыккан. Окуяда эркек киши батирдин ичиндеги кол салуудан каза болсо, качып чыгууга аракет кылган аял ооруканага оор абалда жеткирилген.

Шектүү аял окуя болгон жерде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Полиция кылмыш ишин "Адам өлтүрүү жана өлтүрүүгө аракет кылуу" беренелери боюнча козгоду.

Департамент окуя боюнча башка маалыматтарды тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыктаган эмес. Социалдык тармактардагы комментарийлерде жабырлануучу аял учурда реанимацияда экени айтылууда, бирок медициналык кызматкерлер анын абалы тууралуу расмий маалымат беришкен жок.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: