АКШ Венесуэлада жүргөн жарандарын өлкөдөн тез арада чыгып кетүүгө чакырды
АКШнын Мамлекеттик департаменти Венесуэлада жүргөн америкалык жарандарды дароо өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.
Ошондой эле АКШ жарандарына бул өлкөгө баруудан баш тартуу сунушталды.
Маалыматка ылайык, Венесуэладагы коопсуздук абалы туруксуз бойдон калууда. Эл аралык авиакаттамдар кайра жандангандан кийин, Венесуэлада жүргөн АКШ жарандары мүмкүн болушунча тезирээк өлкөдөн чыгып кетиши керектиги белгиленди.
Мамдепартамент кетер алдында этият болууга, айлана-чөйрөгө көңүл бурууга чакырды. Айрыкча өлкө ичиндеги жолдордо куралчан colectivos деп аталган топтор жүрүп, унааларды токтотуп, АКШ жарандыгына же АКШны колдогон белгилерге текшерүү жүргүзүшү мүмкүн экени эскертилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















