АКШ Сирияда ИГИЛге каршы ири масштабдуу аба соккуларын жасады
АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы Сирия аймагындагы ИГИЛ уюмунун бир катар объекттерине ири масштабдуу соккулар жасалганын билдирди. Чет элдик басылмалар жазышкандай, 35тен ашуун бута жок кылынган.
Маалыматка ылайык, соккулар АКШ тарабынан союздаштары менен биргеликте жасалган. Бул аракеттер Hawkeye Strike аттуу операциянын алкагында жүргүзүлгөн. Операция 2025-жылдын 19-декабрында АКШ президенти Дональд Трамптын буйругу менен башталган.
Маалыматта айтылгандай, операция Сириянын Пальмира шаарынын аймагында 2025-жылдын 13-декабрында ИГИЛ тарабынан америкалык жана сириялык күчтөргө каршы жасалган, адам өмүрүн алган чабуулга түз жооп болгон.
АКШнын аскерлери Сирия аймагындагы ИГИЛдин ар кандай объекттерин бутага алышкан. Бирок так кайсы объекттерге сокку урулганы такталган жок.
CNN телеканалынын маалыматына караганда, операциянын жүрүшүндө АКШ күчтөрү 35тен ашуун бутага 90дон ашык жогорку тактыктагы ок-дары колдонгон. Соккуларга жыйырмадан ашуун аскердик учак тартылган.
Эске салсак, буга чейин АКШнын куралдуу күчтөрү Нигерия аймагында да ИГИЛге байланыштуу согушкерлерге сокку урган. Ал сокку өлкө өкмөтүнүн өтүнүчү менен жасалганы кабарланган. Дональд Трамп бул операцияны "күчтүү жана өлүмгө алып келген сокку" деп мүнөздөгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















