super.kg logo

Тегерандын борборундагы нааразылык акциялары учурунда 217 адам каза тапканы айтылууда

 

Ирандын борбору Тегерандагы нааразылык акцияларына ок атылган учурда 217 адам каза болгону айтылууда. Бул тууралуу Time журналы ирандык клиникалардын биринин дарыгерине шилтеме берүү менен кабарлады. Чет элдик басылмалар билдиргендей, курман болгондордун көпчүлүгү октон алган жаракаттардан улам көз жумган.

Ошол эле учурда ирандык расмий жана укук коргоо булактары башкача статистиканы келтирүүдө. HRANA уюмунун маалыматына караганда, акыркы эки жумада Иранда кеминде 65 адам каза болгон. Ал эми Tasnim агенттиги башаламандыктар маалында 15 укук коргоо кызматкери өлтүрүлгөнүн билдирүүдө.

АКШнын президенти Дональд Трамп Иран бийлигине эскертүү жасап, демонстранттарга каршы зомбулук улана берсе, катуу чара көрүлөрүн айткан.

Ирандагы нааразылык акциялары декабрдын аягында улуттук валютанын арзандашы жана баалардын өсүшү менен башталган. Өкмөт бул нааразылыктардын артында АКШ менен Израил турат деп эсептейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: