Иран полициясы нааразычылык акцияларынын негизги уюштуруучуларын кармаганын билдирди
Иранда республикадагы нааразычылык акцияларынын бир нече негизги уюштуруучусу камакка алынды. Бул тууралуу улуттук полициянын башчысы Ахмад-Реза Радан мамлекеттик телеканалга билдиргенин AFP маалымат агенттиги кабарлады.
Маалым болгондой, камакка алынгандардын так саны айтылган жок.
Tasnim маалымат агенттиги күч түзүмдөрүндөгү булактарга таянып, өлкөдө массалык баш аламандыктарды уюштурган деп айыпталган куралдуу топтордун кеминде 200 лидери кармалганын билдирген.
Иранда нааразычылык акциялары декабрдын аягында улуттук валютанын кескин арзандашынан жана баалардын тез өсүшүнөн улам башталган. Нааразычылыкка чыккандар саясий режимди алмаштырууну жана 1979-жылы тактан кулатылган шахтын уулу Реза Пехлевинин бийликке келишин талап кылышууда. Time журналы кеминде 217 адам каза болгонун жазган. Ал эми Иран бийлиги баш аламандыктар учурунда полициянын 15 кызматкери өлтүрүлгөнүн билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















