super.kg logo

2026-жылдын башынан берки экинчи магниттик бороон Жерди каптады

 

2026-жылдын башынан берки экинчи магниттик бороон 11-январга караган түнү Жерди каптады. Бул тууралуу Орусиянын Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясы билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Байкоо жүргүзүү үчүн ылайыктуу шарттар Кемерово жана Челябинск облустарында, Ханты-Мансий автономдук округунда, Мурманск облусунун айрым жерлеринде, ошондой эле Европанын чоң бөлүгүндө — Скандинавия өлкөлөрүндө жана андан да түштүктө жайгашкан Польша менен Германияда болгонун лабораториянын өкүлдөрү айтышты.

Окумуштуулардын божомолу боюнча, бул бороон акыркы бир нече күн ичинде Күндө болгон алсыз жарылуулардын биринен бөлүнүп чыккан плазма булутунун Жерге жетишинин натыйжасы.

2026-жылдагы биринчи магниттик бороон 3-январга караган түнү башталган. Ал 31-декабрдагы Күндөгү жарылуунун натыйжасында болгон. Ал эми 8-январь күнү Күндө дагы бир ири жарылуу катталды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: