АКШда бийликке нааразылар Нью-Йорктогу Трамп мунарасынын алдында топтолушту
АКШда Иммиграция жана бажы көзөмөл кызматынын аракеттерине нааразычылык билдиргендер Нью-Йорктогу Дональд Трамптын мунарасынын алдында митинг өткөрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Митингге чыккандар Трамптын саясатына жана ICE кызматына каршы ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. Айрым нааразычылык билдиргендер иш-чарага СССРдин желектерин алып келишкен.
7-январда Миннеаполис шаарында ICE агенттеринин катышуусундагы операция маалында 37 жаштагы аял атып өлтүрүлгөн. Ички коопсуздук министрлигинин версиясы боюнча, ал кызматкерлерди унаа менен сүзүп кетүүгө аракет кылып, качып кетмекчи болгон. Окуя боюнча тергөө иштерин ФБР жана Миннесота штатынын Кылмыш иликтөө бюросу жүргүзүүдө. Шаар мэри ICE агенттерин Миннеаполистен чыгып кетүүгө чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















