super.kg logo

Трамп өзүн Венесуэланын убактылуу жетекчиси деп атады

 

АКШнын президенти Дональд Трамп өзүн Венесуэланын убактылуу жетекчиси катары көрсөткөнүн Truth Social социалдык тармагында билдирип, тиешелүү сүрөтүн жарыялады.

АКШ аскерлери Венесуэланын лидери Николас Мадурону кармап кеткенден кийин, Трамп бул өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөө Американын жетекчилигинин жана жеке өзүнүн колуна өткөнүн жарыялады. Ал социалдык тармакта популярдуу интернет-энциклопедия стилинде жасалган скриншотту жарыялап, анда өзүнө Венесуэланын убактылуу президенти деген макамды ыйгарган. Дайындалган датасы катары 2026-жылдын январь айы көрсөтүлгөн. Ошол эле учурда ал АКШ президенти деген учурдагы кызматын да ошол эле профилде сактаган.

Айта кетсек, 3-январда АКШ Венесуэланын аймагына ири масштабдагы сокку урган. Операциянын жүрүшүндө өлкө президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес кармалып, кийин Нью-Йоркко жеткирилген. Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Мадуро менен Флорес сот жообуна тартыларын билдирип, аларды баңгитерроризмине катыштыгы бар жана АКШга да коркунуч жараткан деп айыптаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: