Трамп Иранда интернетти калыбына келтирүү үчүн Илон Маск менен сүйлөшмөкчү
АКШнын президенти Дональд Трамп Иранда интернетти кайра иштетүү маселеси боюнча миллиардер Илон Маск менен сүйлөшүүнү пландап жатканын билдирди. Учурда Иранда өкмөткө каршы нааразычылык акциялары уланып, глобалдык интернет тармагы төрт күндөн бери дээрлик толугу менен өчүрүлгөн.
NetBlocks уюмунун маалыматына ылайык, өткөн аптадан бери өлкөдө интернетке жетүү дээрлик мүмкүн эмес. Трамп Маскты бул багытта тажрыйбалуу адис катары баалап, анын компаниялары мындай маселелерди чечүүгө жөндөмдүү экенин айтты.
Иранда нааразычылык акциялары 28-декабрда баалардын кескин өсүшүнөн кийин башталган. Иран бийлиги бул баш аламандыктарды АКШ менен Израил уюштурду деп айыптоодо.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















