Иран бийлиги өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыялады
Иран бийлиги нааразычылык акцияларында каза болгондорго карата өлкөдө үч күндүк аза күтүү күнүн жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, өкмөткө жана экономикалык каатчылыкка каршы эки жумадан бери уланып жаткан нааразычылык акцияларында болжол менен 500дөн ашуун адам каза болгон. Мындан тышкары, 10 миңден ашык жаран массалык баш аламандыктарды уюштурууга шектелип кармалган.
Учурда Иранда дагы деле нааразычылык акциялары басаңдай элек. Буга байланыштуу өлкө аймагында интернет толугу менен өчүрүлгөн.
Аталган өлкөдө нааразычылык акциялары 28-декабрда улуттук валютанын кескин арзандашынан жана баалардын тез өсүшүнөн улам башталган. Нааразычылыкка чыккандар саясий режимди алмаштырууну жана 1979-жылы тактан кулатылган шахтын уулу Реза Пехлевинин бийликке келишин талап кылышууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















