5 тил билген 12 жаштагы кыргыз кызы Францияда депутат болду (видео)
Нестан 12 жашта. Ал Франциядагы жергиликтүү кеңештин депутаты. Ооба, сиз туура эле уктуңуз. Кыргыз кызы Нестан жакында эле эл өкүлү болуп шайланды. Анын бул жетишкендиги коомчулуктун көңүлүн бурду. SUPER.KG порталы аны менен шайлоого катышуу жолдору, жоопкерчилик, максаттары жана келечекке болгон пландары тууралуу маектештик. Ал эми Нестанды бул сыймыктуу жолго жетелеген атасы Самат мырза менен да баарлаштык.
- Саламатсыздарбы, Самат мырза! Өзүңүздөр тууралуу кыскача маалымат бере кетиңиздер.
- Саламатсыздарбы, SUPER.KG порталы! Жаңы жылыңыздар менен! Алыста ушундай бизге окшогон журтташтарыңар бар экенин билип, биздин үй-бүлөбүздүн ийгиликтерин тең бөлүшүп жатканыңыздарга кубанычтабыз жана ынтызарбыз. Биздин чакан үй-бүлөбүз алты кишиден турат. Өзүм Самат Кушбек, жубайым Айнура Сабырбек, балдарыбыз Алтай, Нестан, Аалы жана Эрнак. Жубайым экөөбүз тең Жусуп Баласагын атындагы КУУну бүтүргөнбүз. Менин кесибим эколог. Эмгек жолумда он жыл бою мамлекеттик кызматтарды аркаладым. Ал эми жубайымдын кесиби журналист. Ал да өз кесиби менен убагында Улуттук каналда иштеген.
- Франциянын кайсы шаарындасыздар? Канча жыл болду ал жакка барып, отурукташып калганыңыздарга?
- Мекенден Францияга келгенибизге туура 7 жыл болду. Учурда Франциянын түштүгүндө, Жер ортолук деңизге жакын, XII кылымда түптөлгөн тарыхый шаарчалардын бири Сомьерде жашайбыз. Биз жашап жаткан жер өтө кызыктуу. Токтоло кетсем,
дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтердин аягы үзүлбөйт. Себеби, 2000 жылдык тарыхы бар "Рим көпүрөсү" азыркы учурда дагы пайдаланылып, сынынан кетпей турат.
- Нестанды интернет желесинде жаш депутат болду деген видеосунан улам таанып калдык. Францияда жаш балдар да саясатка аралашат бекен? Же биздеги мектеп президенти деп шайланган сыяктуу эле багытпы? Эмне жумуш кылышат?
- Дал ушул тарыхый шаарда Нестан кызыбыз 12 жашында жаштар муниципалдык кеңешине 2025-жылдын 18-декабрында өткөн шайлоодо жеңип чыгып, депутат аталды. "Эмне болгон шайлоо?" деп мекендештерден көп суроолор түштү. Көпчүлүк Кыргызстандагы мектеп ичиндеги парламенттик шайлоо деп ойлошту, бирок андай эмес.
Түшүнүктүү болуш үчүн кыскача тарыхына кайрылайын. Францияда муниципалдык жаштар кеңеши бул муниципалдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдор менен түзүлгөн балдар же жаштар үчүн жергиликтүү орган. Ал кеңеш берүүчү ролду ойнойт. Францияда жаштардын муниципалдык кеңеши 1979-жылдан башталган. Биз жашаган шаарда 5 мектеп бар. Ошол беш мектептин ичинен жалпы 17и окуучу шайлоодон жеңишке жетти. Эми бул жеткинчек депутаттар ай сайын кадимкидей шаардын мэри менен жыйын өткөрөт. Алардын миссиясы - жаштарды чыныгы саясий жашоо менен тааныштыруу жана бардык жаштардан өз муниципалитетиндеги жашоону жакшыртуу үчүн демилгелерин чогултуу. Анын кошумча багыты - бул демилгелерди бардыгына пайда алып келген долбоорлорго айландырып, жогорку муниципалдык кеңешке сунуштоо. Мисалы, Нестан шайлоо алдында шаарды өнүктүрүү боюнча беш долбоор түзгөн. Эми депутат болгон соң, ошол сунуштарын ишке ашырышат.
Эми Кыргызстанга салыштырып түшүндүрүп берсем. Мисалы, Бишкек, Ош шаары же ошондой эле шаарларда, айыл өкмөттөрдө жергиликтүү кеңеш бар. Ошолордун жаштары десем болот. Шаардык жана айылдык депутаттарга ушул мектеп окуучуларынан депутат болгондор, чоңдорго идея жана долбоорлорун беришет. Анан алар талкуулап, мыкты долбоорду өткөрүп, кабыл алып, шаарды же айылдарды өнүктүрөт. Кээде чоңдор байкабаганды балдар билишет. Мисалы, балдар аянтчасы, спорттук, музыкалык ийримдер жетишсиз же дагы кантип жакшыртуу керек экени боюнча сунуштарды берип турушат.
- Кызыңыздын саясатка эмнеден улам кызыгуусу артты?
- Биз үй-бүлөбүз менен жыйырмадай өлкөгө саякат жасаптырбыз. Ар бир өлкөнүн өзүнүн тарыхы, кооздугу, маданияты, тили жана саясаты менен үстүртөн таанышабыз. Мисалы, Бельгиянын борбор шаары Брюсселге эки ирет барганбыз. Бир жолкусунда Кыргызстандын элчилигине баш бактык. Балдарыбызга ошол жерден, бул үйдө дүйнөгө белгилүү кыргыздын залкар жазуучусу, дипломаты Чыңгыз Айтматов жашап, иштеп өткөн деп айтып бергенбиз. Брюсселге экинчи ирет барганыбызда Европарламенттин кеңсесин, анын алдындагы чыкыйган дүйнөлүк саясатчыларды, дипломаттарды көрүштү. Өткөн жайда өзүбүз жана балдарыбыз үчүн Люксембург жана Швейцария өлкөлөрүн ачтык. Люксембург өлкөсүнө өзүм кызыгып баргам. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов Люксембург шаарында СССРдин элчиси болуп иштеген, ошол шаардагы Айтматов көчөсүн көргүм келген. Жубайым экөөбүз таасирленгенибизден улам балдардын кызыгуусу артты. Люксембургдан Швейцарияны көздөй кайтып баратып Франциянын Страсбург шаарындагы Европарламенттин дагы бир кеңсесин кыдырдык. Кеңсенин ичинде кыдырып жүрсөк, Нестан бир айкелди көрүп дароо бул Симона Вейл деп калды. Мен "тааныбайм" десем, "бул дүйнөлүк чоң саясатчы айым, Европарламенттин 12чи башчысы болгон" деди. Дагы бир жагдай. Нестан Алтай байкеси менен сабактан тышкары профессор Жон Пьерге кошумча сабакка барат. Ошол агайдын чоң атасы Бириккен Улуттар Уюмун түптөгөндөрдүн бири. Ал эми таятасы Бириккен Улуттар уюмунун катчысынын орун басары болгон экен. Агай Нестанга дүйнөлүк дипломатия, саякат, экономика ал эле эмес, Кыргызстан тууралуу чет өлкөлүк серепчилердин оюн айтып берет. Жогорудагы тизмектеп санагандын баары Нестанга таасир кылды деп ойлойм. Баланын кайсы бир багытка кадам ташташына ата-эне да кызыкдар болуп, байкап туруусу керек.
- Нестандан сурагым келип жатат. Мектепте канча деген баага окуйсуң?
- Мен колледжде 5-класста "эң жакшы" деген баага окуйм. Дүйнөлүк тарыхка абдан кызыгам. Саясатка биринчи кадам жасоого атам, апам, агайым Жон Пьер жана окуган китептер түрткү болду.
- Канча тилди билесиң? Алыста жүрсөң да кыргыз тилин унутпадыңбы? Хоббиң эмне?
- Мен жалпысынан беш тилди окуп жатам. Анын ичинен эне тилим менен француз тилинде эркин сүйлөйм, андан кийин англис, немис жана латын тилдеринде баарлаша алам.
Жеңил атлетика менен машыгам. Өзүм окуган колледжде эки чакырым аралыкта чуркап, үч жүздөй окуучунун арасынан 6чы келип, департамент жана регион боюнча чуркап ийгиликке жетиштим. Хоббимди айтсам, сүрөт тарткандан жана чоподон ар кандай сувенир жасагандан ырахат алам.
- Келечектеги пландарың кандай?
- Келечекте дипломатттык кызматты аркалап, дүйнөлүк саясатка аралашып, атам менен апам айткандай Кыргызстанды эң өнүккөн өлкөлөрдүн катарына киргизгендердин катарын толуктайм деген тилектерим бар.
- Самат мырза, айтсаңыз, балдардын билимине инвестиция салуу дегенди кандай түшүндүрөсүз? Кийин ал кандай жемишин берет?
- Бизди эң өкүндүргөнү "балдарыңар кыргызча сүйлөйбү?" деген таң калыштуу суроо. "Таза кыргыз болуп өз эне тилин сүйлөй албаса, эмнебиз кыргыз?" деп айтам.
Сөздүн төрүнөн баштасам, кенже уулубуз Эрнак 6 жашта. Францияда төрөлгөн. Эне тили менен француз тилин бирдей сүйлөйт. Алтай экономикага абдан кызыгып, ушул кезде үйдүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүн эсептейт. Акчаны жакшы санайт десек болот. Аалы уулубуз 6 жашынан биз жашаган шаардын футбол клубунда ойноп, жакшы жетишкендерге жетип, дагы күчтүү футбол клубуна сынактан өттү. Аалынын Кыргыз футбол курамасын дүйнөлүк чемпион кылам деген кыялы бар.
Жубайым экөөбүздүн баштапкы Францияга келген максатыбыз, өзүбүз билим алып, тажрыйба топтоп, балдарыбызды Кыргызстандын саясатына, экономикасына, спорт жаатына чоң инвестор кылышыбыз керек дегенбиз. Мисалы, СССР тарагандан кийин экономикасы тез өсүп, өнүүгүү жолуна түшкөн Грузияны алсак. Грузиянын 5-президентти Зурабишвили айым Францияда төрөлүп өсүп, дипломатиялык саясий карьера жасап, топтогон тажрыйбасын өзүнүн мекени Грузияга жумшады. Дүйнөлүк футбол жылдызы Мбаппенин атасы камерундук, апасы алжирлик иммигранттар. Камерун үчүн ойнобосо да камерундуктар сыймыктанышат. Эми мындай мисалдар өтө көп. Дүйнөдө сап башында турган Норвегия, Япония жана башка өнүккөн өлкөлөрдүн элдери дагы бир кезде мигрант болуп, билим, тажрыйба топтоп келип мамлекетин өнүктүргөн. Биз дагы өлкөбүздү өркүндөтүп, гүлдөтөнкө талпынып жүрөбүз.
Убактыңызды бөлүп маек бергениңизге ыраазычылык билдиребиз! Кыргызстанды өнүктүрүүгө салым кошууга ниеттенген изги тилектериңиздер ишке ашсын. Ал эми Нестанды алдыда Франциянын парламентинен көрөлү.
кошулду
Франциядагы жергиликтүү кеңешке депутат болгон кыргыз кызы Нестан
0
1 |

Супер-Инфо
super.kg видео
















