Кыргыз балбандары эл аралык турнирде эки алтын медаль утушту
Түркиянын Анталия шаарында эркин күрөш боюнча эл аралык “Yasar Dogu-2026" турнири 11-январда жыйынтыкталды. Аталган мелдеште кыргызстандык балбандар 7 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Алтын медаль уткан балбандар:
- Билол Шарип уулу - 65 килограмм
- Залкарбек Табалдиев - 70 килограм
Күмүш байге ээлери:
- Өскөнбай Абдисаматов - 65 килограмм
- Малик Шаваев - 86 килограмм
Коло медаль ээлери:
- Баяман Керимбеков - 57 килограмм
- Рустамжан Кахаров - 70 килограмм
- Адилет Маратбаев - 79 килограмм
Жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасы жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи.
Жыл сайын өтүүчү аталган турнир Анталия шаарында 8-январда башталган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















