super.kg logo

Meta Австралияга өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарга кирүүсүнө салган тыюусун кайра кароону сунуштады 

 

Америкалык ишкер Марк Цукербергге таандык Meta компаниясы дүйнөдө биринчи болуп 16 жашка чейинкилердин социалдык тармактарга кирүүсүнө тыюу салган Австралия бул чектөөсүн кайра карап чыгышы керектигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, компания аталган өлкөдөгү жаңы мыйзамга байланыштуу социалдык тармакта 544 миңден ашык баракчаны жапкан. Өспүрүмдөрдүн социалдык тармактарды колдонуусуна тыюу салган дүйнөдөгү биринчи мыйзам Австралияда кабыл алынып, өткөн жылдын 10-декабрында күчүнө кирген.

Мындан улам Meta жашы жете электердин Инстаграмдан 331 миң, Фейсбуктан 173 миң жана Тридс социалдык тармагынан 40 миң баракчасын өчүргөн. Учурда баракчаларды текшерүү иштери дагы да уланууда. Ошондой эле Meta Австралия мындай чектөөсүн кайра карап чыгышы керектигин белгилеп, толук тыюу эмес чектөөлөрдү гана киргизүүнү сунуштады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: