super.kg logo

Чүйдө өз энесине кол салууга шектелген жаран кармалды

 
Чүй облусунда өз энесин уруп-сабап кыйноого шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу 12-январда облустук милиция маалымат таратты.
Ага ылайык, 2025-жылдын 29-декабрында милицияга Полтавка айылынын 40 жаштагы тургуну өзүнүн 44 жаштагы бир тууган агасына чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Ал арызында 29-декабрга караган түнү агасы өз үйүндө 75 жаштагы энесин уктап жаткан учурда жаздык менен муунтуп өлтүрүүгө аракет кылганын билдирген. Жабырлануучу каршылык көрсөткөн учурда ал анын денесине бир нече жолу сокку урган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөдө шектүү жубайы менен WhatsApp мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлгөн кат алышуулар текшерилип, анда Ж.М. аттуу энесин өлтүрүү ниети тууралуу билдирүүлөр бар экени аныкталган.
Шектүү Ж.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Райондук соттун чечими менен ал эки айга камалды. Бардык зарыл болгон соттук-укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: