Австралияда 300 миң гектардан ашык токой өрттөнүп жок болду
Австралиянын Виктория штатында ысыктын кесепетинен улам чыккан өрт 300 миң гектардан ашык токойду жок кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта табигый кырсык дагы бир нече аптага созулушу мүмкүн. Тилсиз жоонун кесепетинен улам жүздөгөн адамдар үй-жайсыз калып, өрт өчүрүү маалында бир адам каза болгон. Австралиянын федералдык өкмөтү менен Виктория штатынын өкмөтү өрттөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү максатында болжол менен 13 миллион доллар бөлгөн.
"Виктория штатындагы бадалдан чыккан өрт кеминде 119 курулушту талкалап, 300 миң гектардан ашуун токойду өрттөп жиберди. Дагы бир нече жума бою улана турган өрт менен күрөшүү жүрүп жатат",- деп билдирди жергиликтүү бийлик.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















