super.kg logo

Иран АКШнын коркутуусуна жооп берди

 

Иран Ислам Республикасы өзүнө коркунуч туудурган өлкөлөргө каршы алдын ала сокку уруу чараларын көрбөйт. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи билдиргенин ТАСС агенттиги кабарлады.

"Иран согушка даяр. Бирок эскертүүчү же алдын ала чаралар каралбайт", - деген ал.

Тышкы иштер министринин айтымында, Тегеран көрсөтмөлөрдү кабыл албайт жана сүйлөшүүлөрдү өз ара урмат-сыйдын негизинде гана жүргүзүүгө даяр. Арагчи сүйлөшүүлөр чынчыл, олуттуу, тең укуктуулукка жана эки тараптуу сый-урматка негизделиши керектигин белгилеген.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Иран америкалык аскердик же коммерциялык объектилерге кол салса, АКШ мурда болуп көрбөгөндөй соккуларды урарын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: