Польшада ымыркай мас абалында төрөлдү
Польшадагы ооруканалардын биринде энесинин мас абалынан улам ымыркайдан алкоголь аныкталган. Бул тууралуу өлкөнүн "Fakt" гезити билдирет.
Маалыматта айтылгандай, кош бойлуулуктун 38-жумасындагы аял дээрлик үч промилле алкоголь менен ооруканага жеткирилген. Бул абал эне менен баланын өмүрүнө коркунуч жараткандыктан, дарыгерлер шашылыш түрдө кесарево жолу менен төрөт жүргүзүшкөн.
Натыйжада төрөлгөн ымыркайдын канынан 1,5 промилледен ашык алкоголь аныкталган. Бул көрсөткүч жаңы төрөлгөн балдар үчүн өлүмгө алып келиши мүмкүн деп эсептелет. Учурда баланын абалы туруктуу.
Аталган факт боюнча энеге карата кылмыш иши козголуп, ага беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















