ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 12-январдан 18-январга чейин
КОЙ
(21.03–20.04)
Дүйшөмбү, шейшемби күндөрү сизден чечкиндүү кадамдарды жана активдүү кыймыл-аракетти талап кылат. Жумушуңузда алдыга жылуу үчүн жаңы идеяларды ишке ашырып, изденишиңиз керек. Аптада бир нерсе жетишпегендей, бир нерсени унутуп жаткандай сезим коштоп жүрөт. Бейшемби күнү жагымдуу жаңылык угасыз. Дем алыш күндөргө койгон пландарыңыз кокустан өзгөрүп кетиши мүмкүн, андыктан алдын ала маанилүү эч нерсе пландабай туруңуз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Бул аптада оор нерселерди жеңилдеткен жөндөмүңүз ойгонот. Окуудагылардын окуусу жеңил өтөт, жумуштагылардын түйүндүү маселеси оңой чечилет, үйдөгүлөрдүн түйшүгү жеңилдейт. Айтор, сиз үчүн ойдогудай апта болот. Жеке жашоодо өжөрлөнүп, меники туура дей берүү жарабайт, компромисске барыңыз. Кыз-жигит мамиледе жүргөндөрдүн ортосунда түгөйүнөн күмөн саноо жаралат, маселени терең каза бербеңиз, өкүнүп каласыз. Апта соңу үй иштери менен алек болосуз.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Жумушта кимдир бирөө менен атаандашкыңыз келип, кер какшык, карама-каршы ой айтышыңыз мүмкүн. Мунун кереги жок, өзүңүздүн эле аброюңузду түшүрүп аласыз. Жеке жашоодо баары жакшы, тылыңызды бекем кармаган адамдар жаныңызда болмокчу. Үйдө электр приборлорунун бири жарактан чыгат, аны оңдойм деп өзүңүз токко урунуп албаңыз. Жакшысы, билген адамдан жардам сураганыңыз оң. Дем алыш күндөрү кызыктуу окуялар, шаңдуу кече менен коштолушу күтүлөт.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Жасаган ишиңиз кубанычтуу кабар алып келет. Финансы тармагында жаңы пайда булагы кошулмакчы. Жаңы жумуш, сунуш айткандар чыгат, ойлонбой макул болуңуз. Ошол эле учурда кагаз, документ, оозеки сөз берүү, макулдашуу сыяктуу иштерде абайлаңыз, так жана сак болуу керек. Бейшемби күнү карыз алуудан жана берүүдөн баш тартыңыз. Үйдөгү жаш балдарга көңүл буруу керектелет. Дем алыш күндөрү майда-чүйдө тиричилик менен алек болосуз.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Ийгиликтүү апта. Жаңы иш баштайм, курска окуйм, спорт залга барам же башка бир нерсе менен алек болом дегендер коркпой эле алдыга кадам таштай берсе болот. Жеке жашоодо конокко чакыруу аласыз, ал жерде көңүл борборуна да сиз чыгышыңыз мүмкүн. Жакындарыңызга аткара албай турган ишти аткарам деп сөз бербеңиз, андан көрө ачык айтып баш тартканыңыз жакшы. Чыгармачылык талантыңызды өнүктүрсөңүз болот: сүрөт, ыр, бий жана башка талантыңызды ачыктаңыз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Аптанын биринчи жарымы бир аз санаага салышы мүмкүн. Бул жумуштагы айрым чечилбей жаткан маселелерге же кесиптештер менен келип чыккан түшүнбөстүктөргө байланыштуу болот. Бирок шаршембиден кийин баары оң жагына чечилип жеңилдеп каласыз. Интернеттеги азгырмалуу сунуштардан абайлаңыз, акчаңыздан кол жууп каласыз. Жумуш издеп жаткандардын жолу болот. Айдоочуларга жолдо жүргөндө эрежелерди сактап, башкалардан да сак болуу сунушталат.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Бул күндөрү ден соолугуңузга көбүрөөк убакыт бөлгөнгө туура келет. Натыйжада тамак-аш рационуна да көңүл бурасыз. Аптанын ортосунда башкалардын кеңешине таянбай, өз ички туюмуңузга ишенип чечим чыгарганыңыз туура болот. Өзүңүздүн дарекке айтылган сын көз караш, терс пикирлерге маани бербей эле коюңуз. Түгөйүңүз күтүүсүз сюрприз жасайт. Дем алыш күндөрү жалгыз бой жүргөн таразалар үчүн жаңы адам менен таанышуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
Чаяндарга бул аптада капчыкка көңүл буруп, ири суммадагы каражат талап кылган сатып алууларды токтотуу сунушталат. Нервди чыңалткан кырдаалдардан конфликтке барбай, спорт менен машыгып чыгуу жакшы. Жашооңуздагы балансты жана гармонияны сактаганга аракет кылыңыз, жакындарыңыз колдоо көрсөтүшөт. Бойдоктордун жеке жашоосунда эскинин эшигин жаап, жаңы барактан баштоо мүмкүнчүлүгү жаралат. Дем алышта майда жумуштарды артка жылдырып, эс алыңыз.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Жасаган ишиңизде өзүңүзгө тиешелүү жумуштарды максималдуу түрдө ийгиликтүү аткарасыз. Сизге тиешелүү эместерге нерв коротуунун кереги жок. Шаршемби, бейшемби, жума күндөрү билим жаатында жүргөндөр үчүн жакшы жаңылык менен коштолот. Сиздин айткан сөздөрүңүз башка мааниде жеткирилип, түшүнбөстүк жаралышы ыктымал. Аптанын экинчи жарымында капчык, телефон же башка баалуу буюм уурдатуу коркунучу бар, коомдук жайларда сак болуңуз.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Аптанын башы баары ойдогудай башталат. Күтүүсүз келген кабар пландарыңызга өзгөртүү, толуктоолорду киргизиши мүмкүн. Кыска аралыкка сапарга чыгышыңыз күтүлөт. Соода тармагындагылардын иши жакшы нукка түшмөкчү. Жакындарыңыздын “капризин” көтөрүп, жүрөккө жакын кабыл албоо сунушталат. Өзгөртө албаган нерсеге ашыкча нерв коротуунун кереги жок, андан көрө баарын убакытка тапшырыңыз. Ден соолукка көңүл буруңуз, таза абада көп болуу керек.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Суу куярлар алдын ала көбүрөөк позитивдүү энергия топтоп алышы керек. Анткени бул аптада алардын моюнуна жүктөлгөн иштерден, жоопкерчиликтен кол да, ой да бошобой, өзүлөрүн алсыз сезиши мүмкүн. Шаршемби күнү жагымдуу окуялар орун алат. Жума күнү эки тарапка тарткан чечим кабыл алышыңыз керек, бул чечимден жакшы каржылык булагын табууңуз көз каранды. Дем алыш күндөрү үй-бүлөлүк атмосферада, курч окуяларсыз өтүшү күтүлүүдө.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Бул апта сиз үчүн күтүүсүз сюрприз менен коштолот, кечиккен жаңы жылдык белек эми колуңузга тийиши мүмкүн. Же болбосо көптөн бери ала албай жүргөн карыз кайтарылат. Бойдоктор жаңы таанышкан адамы менен өзүн карманып, көп эмоциясын чыгарбашы керек, болбосо ийгилик кушу учуп кетет. Балалык кездеги досторго жолугушуңуз мүмкүн. Аптанын экинчи жарымында өзүңүзгө өзүңүз нааразы болушуңуз мүмкүн. Эс алуу күндөрүн активдүү өткөрүү сунушталат, спорт кошуңуз жашооңузга.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















