super.kg logo

Кийинки жылдан тарта МИКке мамлекеттик бюджеттен каржы бөлүнбөйт 

 

Кийинки жылдан тарта МИКке мамлекеттик бюджеттен каржы бөлүнбөйт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-январда "Мурас" турак жай комплексинин батирлерин жарандарга тапшырып жатып билдирди.

Мамлекет башчынын айтымында, келечекте ипотекалык компания өз алдынча каржылоого өтүп, өлкөнүн турак жай фондун кеңейтүү пландалууда.

"Быйыл биз МИКке мамлекеттик бюджеттен акыркы жолу 500 миллион доллардын тегерегинде каражат бөлөбүз. Кийинки жылдан баштап ипотекалык компания бюджеттик каражат албайт. Өзүнүн 200 миллиард сомго чыгарып алган капиталы менен МИК 5-10 жыл эмес, 50-100 жыл бою элди турак үй менен камсыз кыла алат",- деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле президент мамлекет мындан ары да заманбап, коопсуз, сапаттуу жана жеткиликтүү үйлөрдү курууга күч жумшай турганын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: