super.kg logo

Куштардын махабаты (Сүйүүсү үчүн бардык курмандыкка барган аял тууралуу сериал)

 

(Башы өткөн сандарда)

Акбар начарлагандан начарлай берди. Айкөл экөө жашаган үйгө камалды да калды. Тышкы дүйнө менен байланышын үзгөндөй, шыпты тиктеп жатканы жаткан. Көздөрү чарасына батып, үңүрөйүп да кетти, кийимдери өзүнө чак келбей шалбырайт. Эч кимди көргүсү келбей калды. Ал эч нерсе эмес эле, атүгүл эч ким менен сүйлөшкүсү келбей калды. Качандыр бир кезде элдин көзүнө тоодой көрүнгөн адам чүрүшкөн алмадай болуп калды.

Мариям бир жумада бир барып тамагын жасап, үйүн жыйнап, кирин жууп, дары-дармек жеткирип коюп кетет. Колунан башка эмне келмек, жүрөгү ооруп, аны мындай абалда көрүү тозок болуп бара жатты.

– Эмнеге?- деди бир жолу күйөөсүнүн көзүнө тике карап.

– Эмнени сурап жатасың?

– Сен баштан көп нерсе өткөрдүң, бир күндө бардык дүнүйө-мүлкүңдү жоготуп койгон учуруң болду. Бир жылда атаңды да, энеңди да жерге берген учуруң болду. Бирок эч биринде мындай начар абалга түшпөдүң. Жыгылган жериңден дароо турган адам элең. Эркиң жетчү. Сен бир тоо элең! Эмне болду сага? Сени ушунча эмне майтарды?

Акбар үн каткан жок. Айкөлдүн анын жашоосундагы ордун айтса, Мариямдын баары бир жүрөгү оорумак. Оозун таптап барып оюнан кайтты. Баары бүттү, эми айтканда эмне, айтпаганда эмне. Жөн эле аялынын жүрөгүн ооруткусу келбеди. Аны далыдан таптап койду, ыраазы болгондойбу, ырахмат айткандайбы, бир нерсе деп күңгүрөнүп койду. Анан бөлмөсүнө кирип кетти. Мариям бир топко турду да, сыртка жөнөдү.

– Дагы деле жарытып тамак ичпейт. Дарыларын деле ичпей жатыптыр. Минте берсе билбейм, эмне болот болду экен?- деп кейип жатты Мариям. Ошол учурда уулу, кызы жана Эламан да бар эле. Фирмада иштер тескери кетип жатканын, экспортко жөнөтүлгөн товарлар кайтып келгенин, бир канча маселелер бар экенин айтканы келген Эламан. Бирок Мариямдын абалын көрүп унчуга албады.

– Догдурга алып барсак...

– Барбайм дейт. Билесиң го мүнөзүн, бир нерсени башына киргизип алса, көгөрүп тура берет.

– Эмне кыла алабыз?

– Издесекпи?

– Кимди?- деди Эламан.

– Айкөлдү.

Кызы менен уулу бири-бирин карап калышты.

– Чын эле баарыңар бир догдурга муктажсыңар! Атам эле эмес, апа, сен дагы псих болуп бара жатасың. Акылым жетпей калды силерге,- деди уулу жини келе.

– Апа, сен эмне жиндисиңби? Ал аялдын кеткенине кайра сүйүнбөйсүңбү? Жашообуздан чыгып кетти. Ырас болду. Башынан эле маалым болчу ал кыздын эмне каалаганы. Атамдын ден соолугу начарлады, мурункудай акчаны кечип жүрө албай калды. Өмүр бою акчалуу, ден соолугу чың эркек болот деп ойлосо керек. Андай болбой калды. Ошондуктан дароо качты. Келемиштер чөгүп бараткан кемеден биринчи качарын билбейсиңерби? Качты ал дагы! Туура болду, атам бир аз убакыт өткөндөн кийин өзүнө келет. Эмнеге жоголуп кеткен ал кызды издешибиз керек?

– Ал аял атаңдын акчасына кызыкса көп нерсе алмак. Чыпалагына жип оробой эле кетти, ал тургай сатып берген алтындарын да таштап кетиптир,- деди Мариям ойлуу.

– Демек, атамдан кыйын же бай бирөөнү тапты. Ошондой сулуу жүзү менен анын капканына илине тургандар кезекте турса керек. Булар өзү ошондойлордон коллекция жасашат.

– Наргиза!- деди апасы ага кыйкыра.

– Сен эмне эле аны коргоп калгансың? Сенин да башыңды айлантып алдыбы? Бул кандай сыйкырчы неме, ия?- деди кыжырланган Наргиза.

– Апаңа үнүңдү көтөрбөй сүйлө!- деди Эламан чыдабай кетип.

– А сен кайдан чыккан баатырсың? Келгениңе канча болду, колуңдан эч нерсе келбей жүргөнүң жүргөн. Дагы мага акыл айтып коёт. Сени атам кайсы чуңкурдан таап келди, билбейм. Жайнаган адистери турганда,- деди Наргиза ого бетер текеберлене.

– Колумдан келгенин кылып жатам. Мен да сыйкырчы эмесмин, көптөн берки маселелер бар экен. Эч ким көңүл бурбаптыр. Өндүрүштө андай кылууга болбойт. Атаң мага ишенген үчүн ордуна койду.

– Сендейлерге ишенбеш керек өзү! Атам да жинди экен, сендейлерге ишенип бизнесин тапшырган,- деди токтоп калбаган кызы. Атасындай кишини сенсиреп сүйлөп жатканына жини келсе да Эламан унчукпады.

– Токтот, Наргиза!- деп кыйкырып жиберди Мариям. Белек ордунан тура калды.

Уландысы шилтемеде.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: