Күндөлүк 2 (мансапка жетүү үчүн баарына даяр болгон кыздын сезимин, окуяларын баяндаган сериал)
(Башы өткөн сандарда)
– Ал артымдан ээрчип жүрчү. Мен аны караган эмесмин. Экинчи келбе деп кууп жибергем. Кетти айылына,- дедим көзүмдөн жашым токтобой.
– Мм... Ошондой де. Мындан ары жаныңдан бир эркекти көрсөм, союп салам,- деп бетимди кармап мыжыгып, заарын чачыратты. Бул биринчи жолу эмес, далай эле болду. Бирок эртеси баарын унутуп калат да, өзү шыйпаңдап баштайт. Эртеси таңда ошол нерсе кайталанды. Кийинип алып чыгып кетип бара жатып, кайра кайрылып келип, төшөктө жаткан мага кайрылып:
– Кечээ аша чаап кеттим окшойт. Кечирчи. Сенин сулуулугуңду башкаларга ыраа көрбөөрүмдү билесиң го,- дегенде унчукпай артымды карап жатып алдым. Оор үшкүрүнүп:
– Картаны таштадым. Өзүңө бир баалуу нерсе алып ал... Ме, ал, ак көңүлдүгүм кармап жатканда,- деп мени түрткүлөдү. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып картаны сунган колунан жулуп алдым. Ал ордунан жылып, үйдөн чыгып кетти. Ал кетери менен ордумдан туруп, кийинип алып салонго бардым. Зериктим. Картадагы акчаны эмнеге коротсом деп ойлодум. Машинамды алмаштырып алайын десем, аша чаап жиберем. Кийим алайын десем, азыр гардеробум толуп жатат. Ойлонуп отуруп, Айсанга чалдым. Билгендей чалыптырмын, ал дүкөн кыдырганы көчөгө чыгып жаткан экен. Мени дагы кошуп ал десем, макул болду. Бир топ убакыттан соң жолуктук. Алгач түштөнүп алалы деп ашканага кирдик. Кафе же чайхана эмес, эң жөнөкөй ашкана... Айсан алып кирди. Акчаны өзүнөн да ушунча аяйбы деп мурчуйдум.
– Таарынба, ээ? Болгону мен өзүм жалгыз дүкөн кыдырганды жакшы көрөм. Анан... Сен чалып калганыңдан кошуп алдым. Бул жерге тез-тез келип турам. Студент кезде ушул жерден чыкчу эмесмин. Тамагы абдан даамдуу,- деди тамшана. Мен жылмайып гана тим болдум.
– Аяшым келсин, тааныштырам. Ал азыр чет өлкөдө болуп жатпайбы?- деп күлдү.
– Мен деле эркекке зар эмесмин. Күтүп турабыз,- деп койдум. Анан Айсанга суроо узаттым.
– Бекзат экөөңөр кантип таанышып калдыңар эле?
– Айткан эмеспи? Узак окуя да... Кичинекей кезибизде больницада чогуу дарыланчубуз.
– Больницада? Ооруйбу Бека?
– Жок. Азыр жакшы. Кичинекей кезинде жүрөгүн дарылатып жүрүштү ата-энеси. Айыгып кеткен. Азыр жакшы. Ошондо экөөбүз жакын жайгашкан палаталарда жатчубуз. Мен кыздар менен жатчумун. А Бека өзү жалгыз VIP палатада жатчу. Зериккенде жылыткычты кашык менен ургулап коёт эле. Бизге угулат да. Анан мен да жооп кайтарып, жылыткычты ургулап коём. Ошентип жүрүп тааныш болдук.
– Түшүнгөн жокмун. Экөөңөр ошондон бери жүрөсүңөрбү?
– Жок. Андан кийин Беканы ооруканадан чыгарып кетишти. Мен калгам. Чоңоюп, бой тартып калганда жолугуп калдык. Мен сүрөт тартам го? Анан аянтка алып барып картиналарымды коюп жатсам, Бека мени таанып, учурашып калды. Ошону менен тааныш болуп жүрүп, анан үйлөндүк.
– Мага кызык да. Сүрөт тартсаң, ата-энеңе айтып, тааныштарыңа айтсаң деле алат эле да картиналарды. Аянтка алып чыгып кыйналбай.
– Кайдан? Менин ата-энем жөнөкөй мугалимдер. Кайдагы бай таанышы болсун,- дегенде бул сөздөрү мени ого бетер түшүнүксүз ойлорго салды.
– Сени бажы кызматкеринин кызы деп уккам. Адашып алсам керек...- деп күлдүм.
– Чынында адашкан жоксуң, бирок алмаштырып алыпсың. Сен Бекзаттын биринчи аялы жөнүндө айтып жатасың.
– Биринчи аялы? Мен уккан эмесмин.
– Бекзаттын биринчи аялы чынында эле бажы кызматкеринин кызы болчу экен. Бирок экөө бир айдан кийин эле ажырашып кетиптир. Мени ойлоп жатсаң керек, ээ, тартып алды деп, балким?
– Жо-ок. Сен андай кыздарга окшобойсуң.
– Ооба. Мен андай арам нерседен корком. Түз жүргөнгө аракет кылам. Бека экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө 3 жыл болот жакында. Сүйүшүп жүрүп эле баш коштук,- дегенде гана баарын түшүнүп, ойго баттым. Хм. Карачы? Канча нерсени өткөрүп жибериптирмин го. Азыр отурам үйдө. Күндөлүгүм, сенин барактарыңды толтуруп. Кызыктын баарын сага жазып. Айсан экөөбүз дагы жолугуп турабыз деп сүйлөштүк. Ошону айтам да... Ал байдын кызы үчүн аябай жөнөкөй эле. Аябай эле...
Уландысы шилтемеде.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















